إعدادات العرض
Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат
Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат
Ыймандуулардын энеси Умму Абдулла Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат ". Муслимдин риваятында "кимде-ким биздин шариятыбызда жок амалды кылса, ал өзүнө кайтарылат" деп айтылган.
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.فوائد الحديث
Ибадаттар Куран жана сүннөттө келген далилдерге карап дайындалган. Аллах Таалага Ал шарият кылган нерсе менен гана ибадат кылабыз, жаңы пайда болгон жана ойдон чыгарылган нерсе менен эмес.
Дин оюна келгенди же көңүлүнө жакканды аткаруу менен болбойт, Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү менен болот.
Бул хадис диндин толуктугуна далил.
Динде жаңыдан пайда болгон, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын убагында болбогон акыйда ишенимге, сөзгө, амалга тиешелүү иштин баары - бидаат (диндеги жаңылык).
Бул хадис Ислам негиздеринин бири, бул амалдагы тараза сыяктуу. Аллахтын ыраазылыгы көздөлбөгөн бардык амалдар, аны аткаруучуга сооп болбойт. Ошондой эле Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген жолго дал келбесе, ал аткарган адамга кайра кайтарылат.
Бул хадис азыркы тескери иштерди, жаңы пайда болгон бидаат амалдарды четке кага турган эреже.
Жаңыдан пайда болгон тыюу салынган иштер динге гана тиешелүү, дүйнө иштерине тиешелүү эмес.
