إعدادات العرض
Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын…
Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат
Усама бин Зайддын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, ага бирөөлөр: Сен Усманга кирип сүйлөшпөйсүңбү? - дешет. Ал: Силер укпасаңар эле мен сүйлөшпөгөн боломбу? Аллахка ант болсун, мен аны менен бетме-бет сүйлөштүм. (Башчыга ар ким доомат артып кире бере турган) эшикти биринчи ачкан киши болуудан корком. Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадисти уккандан кийин, башчы болгон адамдардын эч бирин адамдардын жакшысы деп айтпайм. "Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулат. Анан: Эй, баланча! Сага эмне болду!? Сен башкаларды жашылыкка чакырып, жамандыктан тыят элең го? - деп сурашат. Ал айтат: Ооба, чындап башкаларды жакшылыкка чакырчумун, бирок өзүм аткарчу эмесмин. жамандыктан кайтарчумун, бирок өзүм кыла берчүмүн".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල አማርኛ অসমীয়া Tiếng Việt ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली ไทย Svenska മലയാളം Română Malagasy ಕನ್ನಡ Српски తెలుగు ქართულიالشرح
Усама бин Зайдга (ага Аллах ыраазы болсун): Усман бин Аффанга (ага Аллах ыраазы болсун) кирип адамдардын арасына жайылып жаткан фитна тууралуу айтпайсыңбы деп айтышат. Усама: Ага кирип жашыруун сүйлөшкөнүн айтат. Анткени, ал башчыга эл көзүнчө ачык каяша кылууну каалаган эмес. Андай кылса, халифаны кемсинтүүгө себеп болуп калмак жана буга чейин эч ким ача элек фитнанын эшигин ачкан болмок. Андан кийин Усама (ага Аллах ыраазы болсун): ал амирлерге жашыруун насаат кыларын, падышага да кошомат кылбастыгын, аларды жалгандан беттерине мактабастыгын айтат. Анткени ал пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) минтип айтканын уккан: кыямат күнү бир кишини алып келип, тозокко ташташат. Азаптын оордугунан жана ысыктын катуулугунан анын ичеги-карды дароо эле чубалып калат. Анан ал тегирмендин ташын айланып тегеренген эшек сыяктуу өзүнүн ичеги-кардын тегерене баштайт. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулуп: "Эй, баланча, сен башкаларды жакшлыкка буйруп, жамандыктан тыят элең го?!" - деп сурашат. Ал минтип айтат: Мен башкаларды жакшылыкка буйруйт элем, бирок өзүм аткарбайт элем. Жамандыктан тыят элем, бирок өзүм аткара берет элем.فوائد الحديث
Негизинде башчыларга насаат айтканда жалпы элдин алдында эмес, жеке өзүнө айткан оң.
Айткан сөзүнө кылган иши төп келбегендерге катуу азап убада кылынган.
Башчыларга жумшак мамиле кылып, аларды жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаруунун адеби ушундай.
Башчынын алдында аны жалган мактоо, ага кошомат кылуу жана анын жашыруун ишин ачыкка чыгаруу жакшы эмес.
التصنيفات
Бейиш менен тозоктун сыпаттары