Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү

Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү

Яхья бин Умара ал-Мазиний айтат: Амр бин Абу Хасан, Абдуллах бин Зайддан пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандай даарат алганы тууралуу сурап жатканына күбө болуп калдым. Ал бир идишке суу алдырды. Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү . Идиштен колуна суу куюп, колдорун үч жолу жууду. Анан идишке колун салып суу алып, үч жолу оозуна суу алып гаргара кылып жууп, мурдуна суу алып кайра чимкирди. Анан колун салып суу алып бетин үч жолу жууду. Анан колдорун эки чыканагын кошуп эки жолу жууду. Анан колун сууга салып башына бир жолу масх тартып, башынын алды жагынан баштап, кайра баштаган жерине алып келди. Анан буттарын томугун кошуп жууду.

[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган.]

الشرح

Абдуллах бин Зайд (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын кандай даарат алганын иш жүзүндө аткарып көрсөтүп берген. Алгач кичинекей идишке суу алдырды Оболу колун жуудан баштады, анан идишти кыйшайтып, бир аз суу куюп, колдорун идиштин сыртына үч жолу жууду. Анан колун идишке салып, андан үч жолу суу сузуп алып, ар бир алганы менен оозун гаргара кылып жууп жана мурдуна суу алып чимкирди. Анан идишке колун салып суу сузуп алып, аны менен үч жолу бетин жууду. Анан дагы суу сузуп алып, эки колун чыканактарын кошуп эки жолудан жууду. Анан колун дагы идишке салып, (суу) колдору менен башынын алды жагынан арт жагына карай желкесине чейин бир жолу масх тартып барып, кайра бешенесине чейин тартып келди. Анан эки бутун томуктарын кошуп жууду.

فوائد الحديث

Мугалимдин жүрүм-туруму илимди түшүнүүнүн жана анын бекемделүүсүнүн эң негизги себеби болуп саналат жана ушунун бири иш жүзүндө көрсөтүп үйрөтүү.

Дааратта жуула турган кээ бир мүчөлөрдү үч жолу, кээ бирин эки жолудан жуу жайыз. Ал эми бир жолу жуу - важыб.

Хадисте келгендей, дааратта жуула турган мүчөлөрдү тартиби менен жуу - важыб.

Беттин чеги тигинен бешенеде чач чыккан жерден баштап, сакал чыккан ээк астына чейин. Ал эми туурасынан кулактан кулакка чейин.

التصنيفات

Даараттын сыпаты