Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет

Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлап жатат: Кимде-ким Рамазан айында Аллахка ыйман келтирип жана орозонун парздыгын тастыктап орозо кармаса, анда Аллах Таала орозо кармагандар үчүн сыйлыктарды жана соопторду даярдап койгон. Ал бул орозосун Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет.

فوائد الحديث

Ыкластуулуктун пазилети, ыкластуулуктун Рамазан орозосунда жана башка жакшы иш-аракеттердеги маанилүүлүгү.

التصنيفات

Орозонун артыкчылыгы