إعدادات العرض
Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат
Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو አማርኛ Oromoo ไทย Română മലയാളം Deutsch नेपालीالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) азан менен икооматтын ортосунда дуба кылуунун артыкчылыгын баяндаган. Бул дуба артка кайтарылбайт жана кабыл болууга жакын. Ушул убакта Аллахка дуба кылгыла.فوائد الحديث
Дуба кылуу үчүн ушул убак артыкчылыктуу.
Дуба кылуучу адам дубанын адебин сактап, дуба кабыл боло турган орундарды жана убактарды максат кылып, Аллахка күнөө кылуудан алыс болуп, шек-күмөндөн напсисин этияттап, дубам кабыл болот деп Аллахка жакшы күмөн кылып дуба кылса, Аллахтын уруксаты менен анын дубасы кабыл болууга татыктуу болот.
Ал-Мунавий дубанын кабыл болуусу жөнүндө минтип айткан: Б.а. дубанын шарттарын, парздарын, адептерин бүт аткаргандан кийин дуба кабыл болот. Эгер булардын кайсы бири аткарылбай калса, адам өзүн гана айыптасын.
Дубанын кабыл болуусу: же анын сураганы дароо берилет, же анын ордуна андан бир жамандык арылтылат, же акыретке калтырылат. Мунун баары Аллахтын ырайымы жана даанышмандыгы менен болот.