Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) мынтип айткан: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасынан өтө жоомарты эле. Рамазан айында Жебреил периштеге жолуккан учурларында жоомарттыгы андан да күчөйт эле. Жебреил периштеге Рамазан айынын ар бир түнүндө жолугуп, бири-бирине Куранды окуп беришчү. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык кылууда согуп турган шамалдан да ылдамыраак эле".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында берешендиги андан да күчөп, ким эмнени кааласа ошону берчү. Анын берешендигинин артышына эки себеп бар эле: Биринчиси: Жебиреил периштеге жолукканы. Экинчиси: Куранды жүрөгүнөн өткөрүп окуганы. Жебиреил периште ага Курандан түшкөн аяттардын баарын дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы мактоосу болсун) өтө берешен жана жакшылыкты өтө көп кылган киши болгон. Адамдарга жакшылык кылууда Аллах Таала жөнөткөн согуп турган шамал сыяктуу шашылат эле.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берешендиги айрыкча Рамазан айында күчөйт эле. Анткени Рамазан айы таат-ибадаттын жана жакшылык кылуунун айы.

Кайсы убакыт болбосун, берешен болуу керек, айрыкча Рамазан айында берешендикти күчөтүү жакшы.

Рамазан айында Куран окууну, жакшылык иштерди кылууну, берешен болууну көбөйтүү керек.

Илимди эстен чыгарбай сактоонун себептеринин бири - илим талап кылуучулар жана аалымдар менен бирге сабак өтүү.

التصنيفات

Рамазан, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берешендиги