О, Аллахтын элчиси, Сааддын энеси кайтыш болду. Ал үчүн кандай садака кылсам жакшы? - дейт. Аллахтын элчиси: "Суу" - дейт. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып: "Бул…

О, Аллахтын элчиси, Сааддын энеси кайтыш болду. Ал үчүн кандай садака кылсам жакшы? - дейт. Аллахтын элчиси: "Суу" - дейт. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып: "Бул Сааддын энеси үчүн (садака)" - деди

Саад бин Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, ал Аллахтын элчисине: О, Аллахтын элчиси, Сааддын энеси кайтыш болду. Ал үчүн кандай садака кылсам жакшы? - дейт. Аллахтын элчиси: "Суу" - дейт. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып: "Бул Сааддын энеси үчүн (садака)" - деди.

الشرح

Саад бин Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) энеси кайтыш болот. Ал пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) энеси үчүн кандай садака кылса жакшы болорун сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садакалардын ичинен эң жакшысы суу экенин айтат. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып, аны энесинин атынан садака деп элдерге пайдаланууга берет.

فوائد الحديث

Суу эң жакшы садака экени баяндалган.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Саадга сууну садака кыл деп багыт көрсөткөн. Анткени, ал учурда күн ысык, суу тартыш болуп сууга муктаждык чоң болгон. Суу чыгаруу дүйнөлүк да, акыреттик да пайдаларды алып келген.

Жасалган садакалардын сообу өтүп кеткен адамдарга жетет.

Саад бин Убада (ага Аллах ыраазы болсун) энесине жакшылык кылган уул болгон.

التصنيفات

Вакф (Аллах жолунда ортолукка коюлган мал-мүлк), Напил садагалар