Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт

Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт

Абдуллах бин Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: «Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: адамда төмөнкүдөй жаман сапаттары болсо, анын ыйманы толук болбойт: адамдардын ата тегин кемсинтсе, дайыма сөгүнүп каргыш айтып жүрсө, уят жаман иштерди кылып, ушундай сөздөрдү сүйлөсө.

فوائد الحديث

Шарияттын тексттеринде арам иштерди жасаган же парз иштерди аткарбаган адамга гана ыйманы алсыз деп айтылат.

Дене мүчөлөрдү, айрыкча, тилди зыян берүүдөн сактоо зарыл.

Ас-Синдий минтип айтат: Бирөөнүн тегин кемсинтүү жана каргыш айтуу деген эки сыпаттын күчөтмө мааниде айтылганы, мындайга ылайыктуу болгон адамдарга карата кээ-кээде, аз-аз айтылса, мындайды айткан адамды ыймандуу деп сыпаттоого зыянын тийгизбейт.

التصنيفات

Мактоого татыктуу ахлактар, Сүйлөө жана жым отуруунун адептери