إعدادات العرض
Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт
Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт
Адий бин Хаатим (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Tiếng Việt Kurdî Português සිංහල Русский অসমীয়া Kiswahili አማርኛ ગુજરાતી Nederlands پښتو Hausa नेपाली ไทย മലയാളം Românăالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Кыямат күнү ар бир момун мусулман Аллах Тааланын алдына келип турат. Аллах Таала аны менен эч кандай ортомчусу, котормочусу жок түзмө-түз сүйлөшөт. Пенде катуу коркконунан бет алдындагы тозоктон кутулуп чыгуунун жолу барбы деп эки жагына алаңдап карайт. Ошондо оң тарабына караганда бул дүйнөдө жасаган жакшы амалдарын көрөт. Сол тарабына караганда жалаң жаман күнөө иштерин көрөт. Алды тарабына караса, тозок отун көрөт. Тозок отунан кутулуунун айласын таппайт. Тозоктун үстүндөгү кыл көпүрөдөн өтүүдөн башка айласы калбайт. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Өзүңөрдү садака аркылуу тозоктон тоскула, курманын жарымындай нерсе болсо да садака бергиле деп эскертти.فوائد الحديث
Аз болсо да садака берүүгө, мактоого татыктуу жакшы мүнөздүү болууга, жумшактык, жылуу сөз менен мамиле кылууга үндөгөн.
Кыямат күнү Аллах Таала пенделерге жакын болот. Ошондуктан алардын ортосунда тосмо, же ортомчу, же котормочу керек эмес. Ыймандуу Раббисинин буйруктарына тескери иштерди кылуудан этият болуусу зарыл.
Садака берген нерсесин аз же кичине деп санабоо керек. Садака аз болсо да тозоктон коргоочу болот.