"Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди

"Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди

Абдуллах ибн Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге Меккеден Мадинага келе жатканбыз. Сууга жеткенибизде адамдар асыр намазына шашылып даарат ала башташты. Биз алардын жанына келип, кээ бирлери согончогуна суу жеткирбей кургак калып даарат алып жатканын көрдүк. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен Меккеден Мадинага келе жаткан. Жолдо сууга туш келип, асыр намазын өз убагында окуу үчүн шашылып даарат ала башташат. Сахабалардын кээ бири шашылып даарат алгандыктан, согончокторуна суу жеткирбей, караган адамга кургак калып жатканы көрүнөт. Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даарат алганда кемчиликтүү алып, согончокторуна суу жеткирбей кургак калтырган адамдарга тозокто азап болорун айтып, аларды дааратты жакшы, толук алууга буйруйт.

فوائد الحديث

Даарат алганда эки бутту жууш парз. Жылаң аяк бутка масх тартуу жарабайт. Анткени согончокторун жуубай калтырган адамга тозоктун азабы болору айтылган.

Дааратта жуула турган дене мүчөлөрүн толук жуу зарыл. Жуу зарыл болгон мүчөлөрдүн бир аз бөлүгүнө атайын же маани бербей суу тийгизбей койсо, намазы жарактуу болбойт.

Билбеген адамга үйрөтүп, туура багыт берүү зарыл.

Парз же сүннөт амалды туура эмес аткарып жаткан кишини көргөндө, билген адам аны өзүнө ылайык жол менен эскертип тыйышы керек.

Мухаммад Исхак ад-Дахлави минтип айткан: "Дааратты жеткиликтүү алуу үч түрдүү болот: жууй турган мүчөнү бир жолу жуу - парз. Үч жолуу жуу - сүннөт. Үч жолу жууганда жуулчу мүчөнүн жуула турган чегинен ашыра жуу - мустахаб".

التصنيفات

Даараттын сыпаты