إعدادات العرض
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”
Укба бин Амр (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Биз төөнү кезек менен кайтарчубуз. Бир күнү менин кезегим келип, кечинде төөлөрдү айдап келип жуушатып коюп келсем, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тике туруп адамдарга сүйлөп жаткан экен. Мен келип анын минтип айтып жатканын угуп калдым: “Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”. (Аны угуп): Кандай жакшы сөз... – деп жибердим (сүйүнүп). Менин жанымда турган киши: Мындан мурдагы айтканы мындан да жакшы болчу, – деди. Карасам, ал Умар (ага Аллах ыраазы болсун) экен. Ал мага карап: Сенин эми эле келгениңди көрдүм, сага чейин ал: “Кимдир бирөөңөр жакшылап толук даарат алып, анан: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулуху” деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып алардын каалаганынан кирет” деп айтты" – деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt Hausa Kurdî Português සිංහල অসমীয়া Kiswahili ગુજરાતી Nederlands አማርኛ پښتو नेपाली ไทย മലയാളം Română Malagasy Svenska తెలుగు ქართული Српски Mooreالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга сүйлөп жатып эки чоң маанилүү нерсени айткан: Биринчи: Кимде-ким даарат алганда толук даарат алып, жеткиликтүү кылып сүннөттө көрсөтүлгөндөй ар бир мүчөнүн акысын берип кемчиликсиз даарат алса, анан: Ашхаду аллаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху деп келме айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып, алардан каалаганынан кирет. Экинчи: Кимде-ким жогоруда айтылгандай толук жеткиликтүү даарат алса, анан чын ыкластан жүзү жана бүт дене мүчөсү менен Аллахка берилип эки рекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот.فوائد الحديث
Аллах Тааланын берешендиги абдан улук, жеңил ибадаттарга да чоң сооп-сыйлык берет.
Дааратты толук, кемчиликсиз алуу жана даараттан кийин эки ирекет намаз окуу шарияттагы кызыктырылган иштерден. Мында чоң сооп-сыйлык
бар.
Толук даарат алуу жана андан кийин жогорудагыдай зикир айтуу бейишке кирүүнүн себептеринин бири.
Жуунгандан кийин да бул зикирди айтуу мустахаб.
Сахабалар билбегенин үйрөнүп, аны башкаларга жеткирип, жардам берүүгө куштар болушкан.
Даараттан кийин айтылчу зикрде жүрөктү ширктен тазалап, ыкласты бекемдей турган сөздөр айтылат. Даарат алганда да дене-мүчөлөр тазаланып, кирден арылат.
التصنيفات
Даараттын сүннөттөрү жана адептери