إعدادات العرض
Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт.
Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт. Анын бейиш дегени тозок болот. Нух пайгамбар аны айтып коомуна эскерткен сыяктуу мен да силерге эскертемин".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල دری অসমীয়া ไทย Tiếng Việt አማርኛ Svenska Yorùbá ગુજરાતી नेपाली Oromoo മലയാളം Română Nederlands Soomaali پښتو తెలుగు Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Malagasyالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына Дажжал тууралуу мурдагы пайгамбарлар айтпаган анын сыпаттары жана белгилери тууралуу кабар берген. Алардын кээ бири булар: Анын көзү сокур болот. Аллах Таала ага бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет б.а. элдин көзүнө ошондой көрүнөт. Бирок анын бейиши - тозок, тозогу - бейиш. Ким анын айтканын кылса, эл көзүнө бейиш болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал күйгүзүүчү тозок болот. Ким ага моюн сунбаса, аны эл көзүнө тозок болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал бейиш болот. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нух пайгамбар Дажжалдын азгырыгын коомуна эскерткен сыяктуу, ал да үммөтүнө анын азгырыгынан сак болууну эскертти.فوائد الحديث
Дажжалдын бүлгүн, бузукулугу өтө чоң болот.
Дажжалдын бүлгүнүнөн чыныгы ыйман, Аллага таянуу, акыркы ташахудда андан сактоону Аллахтан тилөө, Кахф сүрөөсүнүн алгачкы он аятын жаттоо сыяктуу иштер куткарууга себеп боло алат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө аябай кам көргөн. Ал башка пайгамбарлар коомуна айтпаган нерсени мусулмандарга айтып баяндап берген.