Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин…

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу . Кийин чачтарынын арасына колун салып, терисине чейин суу жеткени анык болгонго чейин аралатчу. Башына сууну ич ирет куйчу. Анан бүт денесин (суу куюп) жуучу. (Айша) дагы кошумчалайт: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогуу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунмакчы болгондо, колдорун жуудан баштаган. Кийин намазга даарат алгандай даарат алган. Андан кийин бүт денесине суу куйган. Кийин чачтарынын арасына колун салган. Чачтарынын түбүнө, терисине чейин суу жетти деп ишенгенге чейин колун салып аралаткан. Башына сууну үч жолу куйган, анан бүт денесине суу куюп жууган. Айша ага (Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөөбүз тең чогу сузуп алып, бир идиштен жуунат элек.

فوائد الحديث

Жуунуу эки түрдүү болот: Толук жуунуу, жарым-жартылай жуунуу. Жарым-жартылай жууну дегени, мында киши тазаланууну (дааратты) ниет кылат, анан оозу, мурдун чайкоо менен бирге бүт денесине суу тийгизет. Ал эми толук жуунуу дегени, жогорудагы хадисте айтылган пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунуусундай жуунуу.

Уруктук суусу түшкөндө, же жыныстык катнаш кылып, бирок уруктугу түшпөсө да жунубдук пайда болот.

Жубайлар бири-биринин авретин караса жана бир идиштен жуунса жайыз.

التصنيفات

Гусул - жуунуу, Гусул - жуунуу