إعدادات العرض
Аллхтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына…
Аллхтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат
Нуъман бин Баширдин (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллхтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат . Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо үстүндөгүлөрдү аралап өтөт. Анан алар өзүнчө: Эгер биз өзүбүздүн энчибизге кеменин түбүн тешип алсак, үстүндөгүлөргө зыяныбызды тийгизбейбиз - деп айтышат. Эгерде аларды каалаганын кыла берсин деп тек коюшса, баары чөгүп кетет. А эгер аларды колдон камап токтотуп калышса, алар өздөрү да (өлүмдөн) кутулат жана баары кутулушат.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල Русский Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt ไทย پښتو অসমীয়া دری or नेपाली Malagasy Kinyarwanda తెలుగు Lietuvių Oromoo Română മലയാളം Nederlands Soomaali Српски Українська Deutsch ಕನ್ನಡ Wolof Moore Shqip ქართული Azərbaycan Magyarالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын чегинде туруучуларга, Аллахтын буйругун такай аткаруучуларга, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйуучуларга мисал келтирди. Жакшылыкка чакырууну таштап, жамандыкка берилип Аллахтын чегине кирип кеткендер жана алардын коомчулуктун ийгилигине тийгизген таасиринин мисалы, кемеге түшкөн бир топ адамдын мисалына окшош. Алар кеменин үстүнкү кабатына ким жайгашат, астына ким жайгашат деп чүчү кулак кармашат. Анан кээ бири үстүн, кээ бири астын ээлейт. Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо, үстүнө чыгып андагыларды аралап өтөт. Астынкы кабаттагылар өз ара сүйлөшүп: Эгер биз ушул астынан өзүбүзгө суу ала турган тешик тешип алсак, үстүндөгүлөрдү убайма кылбайбыз - дешет. Эгерде үстүндөгүлөр аларды ушундай кыла бергиле деп таштап койсо, алардын баары кеме менен чөгүп кетет. А эгер аларды мындай кылуудан кайтарып, тыйышса, эки топ тең аман калат.فوائد الحديث
Коомчулукту сактоодо, анын жамандыктан оолак болуусуна жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруунун ролу чоң.
Таалим берүүнүн (таасирдүү) жолдорунун бири мисал келтирип салыштыруу. Мындайда даана сүрөттөө болгондуктан, маани акылга бат жетет.
Эч кандай тыюусуз ачык аткарылып жаткан жаман иш - коомго зыянын тийгизе турган бузукулук болуп эсептелет.
Коомчулуктун кыйроосу - жер бетинде бузукулукту тараткан жаман иш кылуучуларды тыйбай коюунун натыйжасы.
Ниет туура болуп туруп, туура эмес аракет кылуу амалдын туура экендигин билдирбейт.
Мусулман коомундагы жоопкерчилик жалпы баарына тиешелүү, жеке бир адамга байланган эмес.
Жеке аткарылган күнөөнү эч ким тыйбаса, анын азабы жалпыга бирдей болот.
Жаман иштерди кылуучулар кылган иштерин коомчулукка жакшы иш катары көрсөтүшөт, эки жүздүүлөр сыяктуу.