Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө

Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жөөттөргө жана христиандарга озунуп салам айтпагыла. Эгер жолдо алардын бирөөсүнө жолугуп калсаңар, аны жолдун кырына кысып өткүлө".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөөттөргө жана христиандарга, эгер алар мусулман мамлекетинин коргоосунда болсо да, озунуп салам айтуудан тыйган. Ошондой эле алардын бирөөсү менен бир жолдо бет келишип калсак, аны жолдун чекесине кысып өтүү керектигин баяндаган. Мусулман жолдун ортосу менен басып, каапыр жолдун чекеси менен басат. Кандай абал болсо да мусулман адам эч качан кор болбошу керек.

فوائد الحديث

Жөөт, христиан жана башка каапырларга мусулман адам озунуп салам айтканга болбойт.

Эгер алар салам берсе, аларга "Ва алайкум" деп жооп кайтарууга болот.

Каапырларды атайын жолдун чекесине түртүп чыгарып зыян берүүгө болбойт. Болгону, эгер жол тар болсо, же жолдо тыгын болуп калса, анда ал жолдон биринчи өткөнгө мусулман адам акылуу. Каапыр ага жол бошотуп турат.

Мунун максаты башкага зулум кылбастан же тил тийгизбестен мусулмандардын ызаттуулугун башкалардын алардан төмөндүгүн көрсөтүү.

Каапыраларга мындай кысым кылуу алардын Аллах Таалага каапыр болгону үчүн. Эгер мындай мамиленин себебин билүүгө түрткү болсо, бул алардын динди кабыл кылып, тозоктон кутулушуна себеп болуусу мүмкүн.

Эгер муктаждык болуп калса мусулман адам каапырга озунуп "Абалың кандай, кутмандуу таң, кутмандуу кеч" деген сыяктуу сөздөрдү айтууга болот. Бул жердеги тыюу "Ассаламу алайкум" деген ислам саламдашуусуна гана тиешелүү.

Ат-Тийбий минтип айткан: Жакшысы бидаатчы адамга да озунуп салам бербеш керек. Эгер ким экенин билбей салам берсе, салам берген киши же мусулман өлкөсүндө жашаган каапыр же бидаатчы болуп калса, анда: Аны кемсинткендин белгиси катары саламымды кайтарып алдым деп айтсын.

التصنيفات

Учурашуу жана уруксат суроонун адептери