Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин

Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин

Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазга барууну каалаган адам, жанабаттан жуунгандай жуунуп барганы жакшы экенин баса белгилеп айткан.

فوائد الحديث

Жума намазына жууну баса белгиленген. Бул мусулмандар үчүн сүннөт. Намазга жөнөргө жакын жуунса андан да жакшы болот.

Тазалыкка жана жагымдуу жытка көңүл буруу мусулман адамдын жакшы адеп-ахлактарынан. Айрыкча адамдарга жолуга турган же чогуу отура турган жерге барганда бул маанилүү. Өзгөчө жума намазына жана жамаат менен намаз окула турган мечиттерге барганда.

Хадистеги кайрылуу жума намазына баруу моюнуна жүктөлгөн адамдарга гана тиешелүү. Анткени, жума намазына ушулар барат.

Жумага барган адамдын таза болуусу мустахаб. Ал жуунуп денесинен жагымсыз жытты кетирип, жыттуу нерселерди сүртүнүп алышы керек. Эгер даарат алуу менен чектелсе, бул да жетиштүү болот.

التصنيفات

Гусул - жуунуу, Жума намазы