Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир.…

Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың

Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушинтип дуба кылчу: "Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барлык нерсени камтыган дубасы ушундай болчу: "Раббим, менин каталарымды кечир, билбестигимди, мен билбестен жасап алган каталарды да кечир. "Бардык иштердеги ысырапкорлугумду кечир" кемчилик кетиргенимди жана чектен аша чапканымды. "Мендеги Сен Өзүң билгендерди" Аллахым Сен Билүүчүсүң, мен болсо унутуп калам. "Аллахым менин каталарымды жана атайын кылгандарымды кечир" мен билип туруп жасап алган каталарды кечир. " Чындап же азилдеп кетирген каталарымды кечир" мазакташууда пайда болгон, эки абалда тең чындап же азилдеп) пайда болгон каталарымды. "Мендеги бардык кемчиликтерди" жогоруда айтылган айып, кемчииктердин баарын кечир. "Аллахым менен мурдагы" болуп өткөн, "жана кийинки" эми боло турган каталарымды кечир. "Жашыруун" купуя болгон жана "Жарыя" ачык болгон каталарымды кечир. "Сен мурда жеткирүүчү жана кечиктирүүчүсүң" калайыктан кимди кааласаң, аны ыраазы кылып ырайымыңа мурда жеткиресиң. Кимди кааласаң аны кордоп ырайымыңдан кечиктиресиң. Сен кечиктирген ишти алдыга жылдыруучу, Сен алдын кылган ишти кечиктирүүчү жок. "Сен бардык нерсеге кадырсың" ар бир каалаган ишиңди аткарууга толук кудуреттүүсүң.

فوائد الحديث

Бул дубанын артыкчылыгы жана пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчип ушул дубаны кылууга умтулуу.

Ысрапкор болууга тыюу салынган, ысырапкор адам жазага татыктуу болот.

Аллах Таала адамдын өзүнө караганда аны жакшы билет. Ошон үчун пенде иштерин Аллахка тапшырышы керек: анткени, пенде өзү билбестен да ката кетире берет.

Адам чындап кылганына айыпталган сыяктуу, тамашалап кылганына да айыпталат. Ошон үчүн тамашалаганда да этият болуу зарыл.

Ибн Хажар Аскалани минтип айткан: Мен буд хадистерден дубанын айтыла турган жайын көрө албадым. Көпчүлүгүндө түнкү намаздын аягында деп келген... . Риваяттарда дубаны саламдан мурда айтканы же саламдан кийин айтканы боюнча кайчы пикирлер бар. Риваяттарда экөөсү тең келген.

Кечирим тилеп дуба кылганга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнөө-ката кылганбы? Бир канча пикирлер бар: Ал өз напсисине кичи пейилдик кылып кечирим тилеген. Же жакшыраагын калтырганын күнөө эстеген. Же адашып жасап алган иштери үчүн айткан. Же пайгамбар болгонго чейинки кетирген кемчиликтерин айткан. Кээ бир аалымдар: Истигфар - аткарылуусу милдет болгон ибадат. Аны күнөөнүн кечирилүүсү үчүн эмес, ибадат катары айтылат. Бул үммөтүнө эскертүү жана сабак, алар истигфарды таштап койбошу үчүн айткан деген да аалымдар бар.

التصنيفات

Таасирдүү дубалар