إعدادات العرض
Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет
Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو हिन्दी 中文 Kurdî Português অসমীয়া Kiswahili Tagalog አማርኛ ગુજરાતી Tiếng Việt Nederlands සිංහල پښتو Hausa नेपाली ไทย മലയാളം Malagasy Shqip Română Svenskaالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мусулман адам напсисине келген жаман ойду ишке ашырбаса жана эч кимге айтпаса, ал үчүн жазаланбайт. Аллах Таала аны кечирет. Мухаммад пайгамбардын үммөтүнөн эч ким кыялына келген жаман ишти аткарууда эки анжы болуп, аны аткарууга толук бел байламайынча ага жооп бербейт. Эгер жүрөгү менен текеберликке, менменсинүүгө, эки жүздүүлүккө же кайсы бир дене мүчөсү менен күнөө кылууга толук чечим кылса же тили менен айтса, анда анысына жооп берет.فوائد الحديث
Аллах Таала мусулмандын кыялына келген жаман пикир, туура эмес ойлорду кечирет.
Эгер адам талакты пикир кылса, кыялына келтирсе, бирок аны айтпаса жана жазып бербесе, бул талак болуп эсептелбейт.
Кыялына келген иш канчалык чоң күнөө иш болсо да эгер аны ишке ашырууга бел байлабаса, аткарбаса жана айтпаса, ал үчүн күнөөкөр болбойт.
Мурдагы үммөттөрдөн айырмаланып, Мухаммад пайгамбардын үммөтүнүн кыялындагы иш үчүн айыпталбаганы, бул үммөттүн артыкчылыгын билдирет.
التصنيفات
Талакта айтылчу сөздөр