إعدادات العرض
Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет
Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет
Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी বাংলা Español Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Hausa دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Tagalog Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким сүннөт жана мустахаб амалдарына көңүл буруп даарат алса, бул анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө, каталарынын өчүрүлүүсүнө себеп болорун кабарлаган. Күнөө-каталары тырмактарынын астынан чыгып кеткенче өчүрүлөт.فوائد الحديث
Дааратты анын сүннөтү, мустахабы менен үйрөнүүгө аракеттенүү жана аны иш жүзүндө аткаруу зарыл.
Даараттын артыкчылыгы, ал майда күнөөлөргө каффарат (кечирим) болот. Ал эми чоң күнөөлөргө тообо кылуу тообо кылуу менен гана кечирилет.
Каталардын өчүүсүнүн шарты - дааратты жеткиликтүү алуу жана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлагандай кемчиликсиз аткаруу.
Бул хадистеги күнөөлөрдүн кечирилүүсү чоң күнөөлөргө жакындабоого жана ага тообо кылууга байланышкан. Анткени, Аллах Таала: "Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн алыс болсоңор, силердин майда күнөөлөрүңөрдү кечиребиз" - деген. (Ниса, 31-аят).
التصنيفات
Даарат алуунун артыкчылыктары