إعدادات العرض
Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо
Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી አማርኛ پښتو ไทย Română മലയാളം Deutsch Oromoo नेपाली ქართული Moore Magyar తెలుగుالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки ишти каапырлардын амалы, Исламга чейинки доордон калган ахлак деп кабарлаган. Ал экөө: Биринчиси: Адамдардын тегин кемсинтип, аларды басынтып, текеберлик кылуу. Экинчиси: өлүм болгондо тагдырга нааразы болуп, үнүн көтөрүп өкүрүп ыйлоо, же сабырсыздыктан улам кийимин тытып ыйлоо.فوائد الحديث
Кичи пейил болууга, адамдарга текеберленбөөгө кызыктыруу.
Жоготуу кайгысы болгондо сабыр кылып, тагдырга ачууланбоо важыб.
Бул иштер кичине каапырлыктан, буларды кылган адам каапыр боло турган каапырлыктын бир бутагын кылган болуп эсептелбейт. Адамды диинден чыгара турган каапырлык бул чоң каапырлык болот.
Ислам дини мусулмандардын ортосунда бөлүнүүгө алып келе турган бардык иштен тыят. Мисалы, тегин кемсинтүү ж.б.у.с.
التصنيفات
Каапырлык