إعدادات العرض
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн,…
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу
Айша, радыяллаху анха, риваят кылат: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Español Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe Bosanski සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa മലയാളം తెలుగు Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া Shqip دری Ελληνικά Български Fulfulde Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda Српски тоҷикӣ O‘zbek नेपाली Kurdî Moore Soomaali Français Wolof Oromoo Tagalog Українська Azərbaycan தமிழ் bm Deutsch ქართული Português Македонски Magyar Русский 中文 فارسیالشرح
Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сүннөтү - ал уктаардан алдын, дуба кылуучу кишидей алакандарын бириктирип, өйдө көтөрүп, «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөлөрүн үч жолу окуп, оозунан бир аз шилекейи менен кошо алакандарына үйлөчү. Башынан, бетинен, денесинин алдыңкы бөлүгүнөн баштап алакандары жеткен жерге чейин денесине сүртүп чыкчу. Бул үч сүрөөнү бирден окуп алаканына үйлөп денесине сүрткөн аракетин үч жолу кайталайт болчу.فوائد الحديث
Уктаардан мурда Ихлас, Фалак жана Наас сүрөөлөрүн окуп, алаканына үйлөп, колу жеткен жерге чейин денесине сүртүп жатуу сүннөт иштерден.