Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет

Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет

Али мындай дейт: Мен Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис уксам, Аллах андан Өзү каалаганча пайдаландырчу. Эгер анын сахабаларынан бирөө-жарымы андан хадис айтса, мен аны касам ичтирчүмүн да, касам ичсе ага ишенчүмүн. Ал эми бул хадисти мага Абу Бакр айткан. Абу Бакр чын сүйлөйт. Ал: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум дейт: "Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет ". Андан кийин бул аятты окуду: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Аллахты эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт..." (Аалу Имран, 135-аят).

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир пенде күнөө кылып алса, анан жакшылап даарат алып, анан бул күнөөсүнө тообо кылуу ниети менен эки ирекет намаз окуса, анан Аллахтан кечирим тилесе, Аллах аны кечирерин кабарлаган. (Бул хадисти айткандан) кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын бул аятын окуйт: "(Ал такыбалар) кокус ыплас иш кылып алса, же (күнөө менен) өзүнө зулум кылса, дароо Алланы эстеп, күнөөсүнө кечирим тилейт. Күнөөнү Алладан башка ким кечирет. Алар билип туруп жасаган (күнөө) ишин кайра кайталабайт". (Аалу Имран, 135-аят).

فوائد الحديث

Күнөө кылып алгандан кийин намаз окуп, истигфар айтууга үндөө.

Аллах Тааланын кечирими кенен жана тообо, истигфарды кабыл кылуучу.

التصنيفات

Тообо