إعدادات العرض
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас…
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди
Амр бин Аамир Анас бин Маликтен риваят кылып айтты: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] [Бухари жазып калтырган]
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands اردو Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa తెలుగు Kiswahili پښتو অসমীয়া دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली മലയാളം Bosanski ಕನ್ನಡ Kurdî Română Shqip Soomaali Српски Українська Wolof Moore Tagalog தமிழ் Azərbaycan فارسی ქართული 中文 Magyar Português Deutsch Македонски Русский Bambara አማርኛ Malagasy Oromoo ភាសាខ្មែរ ไทย मराठी ਪੰਜਾਬੀ Türkçe Italiano O‘zbek Français Españolالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даараты бузулбаса да, ар бир парз намазына даарат алчу. Даараттын сооп-сыйлыгына жана пезилетине жетүү үчүн ушундай кылат эле. Даараты сынбаса, ошол бир даараты менен бирден ашык парз намаз окуса болот.فوائد الحديث
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң көп амалы даараттын толук сообуна жетүү үчүн ар бир намазга даарат алуусу болгон.
Ар бир намазда даарат алуу сооптуу.
Бир даарат менен бир нече намаз окууга болот.
التصنيفات
Даарат алуунун артыкчылыктары