إعدادات العرض
Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат
Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt ئۇيغۇرچە Kurdî Português සිංහල Русский Nederlands অসমীয়া Kiswahili ગુજરાતી አማርኛ پښتو ไทย Hausa Română മലയാളം Deutsch Oromoo ქართული नेपाली Magyar Moore తెలుగు Svenskaالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча малдын түрүн атап, алардын акысын (зекетин) бербеген адамдын кыяматтагы абалы кандай болорун баяндаган. Алар төмөнкүлөр: Биринчи: алтын-күмүш жана ушулардын өкүмүндө пайдаланылган соода буюмдары жана акча бирдиктери. Булар зекеттин өлчөмүнө жеткенде ээси зекет бербесе, кыямат күнү отко ээритилип жалпак тактайдын калыбына келтирилет. Анан аны отко кызытылып, ээси ошону менен азапталат. Анын капталдары, бешенеси жана арты үтүктөлөт. Тактай сууган сайын аны кайра кызытып, кайра азапташат. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат. Экинчи: Төөсүнүн зекетин жана акысын бербеген адам. Төөнүн акысынын бири келген муктаждарга аны саап сүтүн берип туруу да кирет. Кыямат күнү төөлөрү чоң жана семиз болуп, бири калай баары келет. Анан алардын ээсин ээн, тегиз талаага жүз төмөн жаткырып, төөлөр аны тебелеп, тиштеп азаптайт. Биринин артынан бири келип, айланып азаптай беришет. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат. Үчүнчү: Уй жана кой-эчкисинин зекетин бербеген адам. кыямат күнү булар да бири калбай келет. Анан ээсин ээн, тегиз талаага жүз төмөн жаткырып, баары мүйүздүү, мүйүздөрү түптүз малдар мүйүзү менен сүзүп, туягы менен жерге таптап тебелеп, биринин артынан бири келип азаптай берет. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат. Төртүнчү: жылкы баккан адам. Бул үч түрдүү болот: Биринчиси: Бакканы үчүн күнөөкөр болот. Анткени, ал элге көрүнүү, мактаныч жана мусулмандарга каршы согушка колдонуу үчүн баккан. Экинчиси: Бакканы үчүн аты ага көшөгө болот. Анткени ал аны Аллах жолунда багып, жем-чөбүн берип караган. Тукум улоо үчүн айгырларды камсыздоо да акылардан болуп эсептелет. Үчүнчүсү: Бакканы үчүн сооп алат. Анткени, аны Аллах жолунда жихадга чыгуу үчүн баккан. Ал аттын жайытта же бакчада жеген чөбүнө да жакшылык жазылат. Анын таштаган тезегине жана заарасына да жакшылык жазылат. Эгер арканы үзүлүп дөбө, дөңсөөлөргө чуркап чыкса анын ар бир изине жакшылык жазылат. оп жазылат. Ээси аны дарыядан алып өтүп, аны сугарууну каалабаса деле ал канча суу ичсе ошончо сооп жазылат Андан кийин пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй эшектери тууралуу сурашты. Ал мындай деди: Эшек тууралуу эч кандай аян-кабар айтылбады. Бирок жалпы таат жана күнөөлөр тууралуу мындай аят түшкөн: "Кимде-ким кымындын салмагында жакшылык кылса, аны (сыйын) көрөт. Кимде-ким кымындын салмагындай жамандык кылса, аны (жазасын) көрөт" (Зилзала, 8-аят). Ким эшек бакканда аны жакшылыкка пайдаланса, сообун көрөт. Эгер күнөө ишке пайдаланса, анын жаман акыбетин көрөт. Бул аят жалпы иштерге тиешелүү.فوائد الحديث
Зекетти өз убагында берүү важыб. Бербеген адамга катуу азап убада кылынган.
Жакшы маани бербей зекетин чыгарбай жүргөн адам каапыр деп эсептелбейт, бирок бул өтө коркунутуу.
Адам жакшылыктын негизин максат кылса, таат-ибадаттын майда-чүйдөсүнө да сооп жазыла берет. Ал бул майда-чүйдөнү максат кылбаса деле.
Мал-келде анын зекетинен башка да акылары болот.
Төөнүн акыларынын бири ал суу ичкени келген ордунда сүтүн саап муктаждарга берүү. Мындай кылуу муктаждар үчүн жеңил, төөлөргө да ыңгайлуу болот. Ибн Баттал минтип айткан: Малдын эки акысы бар: анык парз болгон жана андай болбогон. Сүтүн саап берүү бул анык парз эмес, бирок жакшы ахлакты билдирген акылардан.
Төө, уй жана койдун важыб болгон акысынын бири эгер талап кылса акысыз уруктандыруу.
Эшектин өкүмү ж.б. айтылбаган нерселердин баарынын өкүмү "Кимде-ким кымындын салмагындай жакшылык кылса, аны көрөт. Кимде-ким кымындын салмагындай жамандык кылса, аны көрөт" деген аяттын ичинде камтылган.
Аятта жакшылыкты аз болсо да кылууга үндөө, жамандыкты аз болсо да сактанууга эскертүү бар.