Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат

Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат

Абу Саъид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун), пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге он эки казатка катышкан, ал айтат: Мен Аллахтын элчисинен уккан бул төрт нерсе мени таң калтырды: "Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат . Эки күндө орозо кармоого болбойт: орозо айтта жана курбан айтта. Таңкы намаздан кийин күн чыкканча намаз окууга болбойт, дигерден кийин күн батканча намаз окууга болбойт. Үч гана мечитке атайын сапар кылып барууга болот: Харам мечитине, Акса мечитине жана менин ушул мечитиме (Набави мечитине)".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт ишке тыюу салган: Биринчиси: Аял кишини эки күндүк аралыктагы сапарга күйөөсү же махрамы жок баруудан тыйган. Махрам дегени, ага нике жүрбөгөн жакын туугандары, атасы, баласы, ага-инисинин же эже-сиңдисинин баласы, атасы менен бир тууганы, тагасы ж.б. Экинчиси: Орозо айт күнү жана Курман айт күнү орозо кармоодон тыйган. Мейли бул күнү кармаган орозосу назири болсун, напил болсун, каффарат болсун, айырмасы жок, кандай орозо болсо да кармоого болбойт. Үчүнчүсү: Дигер намазынан кийин күн батканга чейин жана таңкы намаздан кийин күн чыкканга чейин напил намаз окуудан тыйган. Бир жерден экинчи жерди абзел деп, же анын жакшылыгы артык деп атайлап сапар кылуудан тыйган. Болгону үч гана мечитке намаз окуу үчүн атайын сапар кылып чыгууга болот. Анткени, сооп ушул үч эле мечитте эселеп көбөйөт. Бул мечиттер: (Меккедеги) Харам мечити, (Мединадагы) Набави мечити, (Палестинадагы) Акса мечити.

فوائد الحديث

Аял кишиге махрамсыз сапарга чыгууга уруксат жок.

Сапарда аял аялга махрам болбойт, пайгамбарыбыз : "Күйөөсү же махрамы..." деп айтканы үчүн.

Сапар деп аталган аралыктын баарына аял киши махрамы менен гана бара алат. Ал эми бул хадисте эки күндүк сапар деп айтылганы, суроочунун абалына жана мекенине карата айтылган.

Аялдын махрамы - анын күйөөсү. Же жакын туугандык себептүү нике жүрбөгөн адамдар, мисалы атасы, баласы, атасы менен бир тууганы, апасы менен бир тууганы, же эмчектештик жактан жакыны, мисалы сүт атасы (сүт эненин жолдошу), сүт атанын бир тууганы, же кайын журт жагынан жакыны, мисалы күйөөсүнүн атасы. Махрам болгон адам мусулман, балакат жаш курагына жеткен, акылы жайында, ишеничтүү адам болуусу керек. Анткени, махрам болуп баруудан максат аялды коргоо жана ага кам көрүү.

Ислам шарияты аялзатын коргойт, колдойт жана кам көрөт.

Багымдат жана дигер намазынан кийин бардык напил намаздарды окуу жарактуу эмес. Бир гана ошол күнкү парз намаздын казасын окууга жана тахият ал-масжид сыяктуу себептүү намаздарды окууга уруксат.

Күн чыгып жатканда намаз окуу арам болот. Күн найза бою көтөрүлгөндөн кийин, он мүнөттөн он беш мүнөткө чейин убакыт өткөндөн кийин окуу керек.

Дигер намазынын убактысы күн батканга чейин созулат.

Үч мечитти зыярат кылуу үчүн сапарга чыгууга уруксат.

Үч мечиттин артыкчылыгы жана алардын башка мечиттерден өзгөчөлүгү айтылган.

Кабырларды атайын зыярат кылып барууга болбойт, мейли ал кабыр пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабыры болсо да. Медина шаарындагыларга же ал шаарга шариятта уруксат берилген иш үчүн баргандарга пайгамбардын кабырын зыярат кылууга уруксат.

التصنيفات

Харам мечитине, Набави мечитине жана Кудус мечитине тийиштүү өкүмдөр, Аялдарга тиешелүү өкүмдөр, Мекке, Мадина жана Аксанын тарыхы