إعدادات العرض
Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт
Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе , шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Hausa Kurdî Kiswahili Português Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە ไทย پښتو অসমীয়া دری or नेपाली Malagasy Kinyarwanda Română తెలుగు Lietuvių Oromoo മലയാളം Nederlands Soomaali Shqip Српски Українська Deutsch ಕನ್ನಡ Wolof Moore ქართული Azərbaycan Magyar தமிழ்الشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө кирээрде жана тамак ичээрде Аллахты зикир кылууга буйруган. Эгер адам үйгө кирээрде, же тамактанаарда "Бисмиллаах" деп Аллахты эстесе, шайтан жан-жөкөрлөрүнө: Үйдүн ээси Аллахты зикир кылып силерден коргонгон бул үйдө, силерге түнөктүн да, тамактын да үлүшү жок - деп айтат. Ал эми киши үйүнө киргенде кирип баратып Аллахты зикир кылбаса жана тамактанаарда да зикир кылбаса, анда шайтан жан-жөкөрлөрүнө, алар бул үйдөн түнөк да, тамак да табууга жетишкенин кабарлайт.فوائد الحديث
Үйгө кирээрде жана тамактанаарда Аллахтын атын атап зикир кылуу жакшы көрүлгөн амал. Анткени, шайтан үйлөрдө түнөп алат жана эгер Аллахтын атын зикир кылышпаса, үйдүн жашоочуларынын тамагынан да жей берет.
Шайтан адам баласынын амалдарына, жүрүм-турумуна, дегеле бардык иштерине көз салып турат. Эгер ал Аллахты зикир кылууну эсинен чыгарса, шайтан андагы максатын ишке ашырат.
Зикр - шайтанды кууйт.
Бардык шайтанда анын сөзүнө кубанып, буйругун аткарган тарапташтары жана достору болот.