Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле

Хузайфа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мисвакты көп колдончу жана колдонууга буйручу. Мисвакты колдонууну кээ бир убактарга бекемдеп айтчу. Мисалы: түндө уйкудан турган учурда. Бул учурда өзү да мисвак менен оозун тазалачу.

فوائد الحديث

Уйкудан турганда оозду мисвак менен тазалоо зарыл. Анткени, уйкуда ооздун ичи жыттанып калат, ал эми мисвак аны жакшы тазалайт.

Ушуга карай, ооз жыттанган учурдун баарында мисвак колдонуу шарияттын талабы.

Негизи эле оозду таза кармоо шарияттын талабы. Бул пайгамбардын сүннөтү жана жакшы адеп.

Мисвак менен оозду тазалоо тишке, тилге, тиштин мүлктөрүнө тиешелүү.

Мисвак - Арак деп аталган дарактын тамырынан жасалат. Ал оозду жаман жыттан арылтууга, тишти тазалоого, оозго жакшы жыт берүү үчүн пайдаланат.

التصنيفات

Таза табияттын сүннөттөрү, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тазаланууда жол көрсөтүүсү