إعدادات العرض
Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң
Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली or ಕನ್ನಡ Română Soomaali Српски Wolof Українська Moore Azərbaycan ქართული Magyar Македонски Bambara አማርኛ Български Malagasy Oromoo ភាសាខ្មែរ ไทย मराठी ਪੰਜਾਬੀ Italiano O‘zbekالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума хутбасына келгендер үчүн жума хутбасындагы важиб адептердин бири хутбаны түшүнүү үчүн тынч олтуруп угуу экенин баяндап жатат. Кимде-ким имам хутба айтып жатканда кыска болсо да сүйлөп, башкага: "Тынч бол, ук" - десе, анда жума намазынын пазилетинен куру калган болот.فوائد الحديث
Хутба угуп жатканда жамандыктан кайтаруу же саламга алик алуу жана чүчкүргөнгө жооп берүү менен болсо да сүйлөөгө тыюу салынган.
Бир гана имамга кайрылган адамга же имам ага кайрылган адамга сүйлөө болот.
Зарыл учурда эки кутбанын ортосунда сүйлөөгө уруксат.
Имам хутба айтып жатканда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерилсе, анда ал үчүн купуя салават айтыңыз, ошондой эле дубада "аамиин" деп айтсаңыз да болот.
التصنيفات
Жума намазы