إعدادات العرض
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун…
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтты: Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் ไทย دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली Malagasy Italiano or ಕನ್ನಡ Oromoo Română Soomaali Српски Wolof Українська Moore Azərbaycan ქართული Magyar mrالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Ислам дининдеги беш сыпатты жана элчилердин сүннөттөрүн баяндады. Биринчиси: сүннөткө отургузуу. Бул балдардын жыныс мүчөсүнүн баш жагындагы ашыкча терисин жана кыздардын жыныс мүчөсүнүн кынынан жогору жагынан кесип алуу. Экинчиси: жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы түктөрдү кыруу. Үчүнчүсү: мурутту кыскартуу. Эрин көрүнгүдөй кылып эркектин үстүнкү эрининен жогорунда өскөн мурутту кыскартып алуу. Төртүнчүсү: тырмактарды алуу. Бешинчи: колтуктагы түктөрдү жулуу.فوائد الحديث
Аллах сүйгөн, ыраазы болгон жана буйруган пайгамбарлардын сүннөттөрү кемчиликсиздикке, тазалыкка жана сулуулукка чакырат.
Бул нерселердин келишиминин шарияттагы мыйзамдуулугу жана аларды көз жаздымда калтырбоо.
Бул сыпаттардын диний жана дүнүйөлүк пайдалары бар, алар: сырткы көрүнүштү жакшыртуу, денени тазалоо, тазалыкка чараларды көрүү, каапырларга каршы болуу жана Аллахтын буйругуна моюн сунуу.
Бул беш сыпаттан башка адамдын табиятындагы кошумча сыпаттар башка хадистерде да айтылган. Мисалы: сакал коюу, тишти мисвак менен тазалоо ж.б. сыпаттар.
التصنيفات
Таза табияттын сүннөттөрү