Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону…

Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке ыймандуулар гана кирерин баяндаган. Ошондой эле бири-бирин жакшы көрмөйүнчө ыйман толук болбостугун, мусулман коомчулугунун абалы оңолбостугун айткан. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) махабатты пайда кыла турган иштердин эң жакшысына багыт берди. Ал Аллах Таала пенделери үчүн учурашуучу сөз кылып койгон салам айтууну мусулмандардын арасына жайылтуу.

فوائد الحديث

Бейишке кирүү ыйман аркылуу гана болот.

Өзүнө каалаган нерсени башка мусулман бир тууганына да каалоо мусулмандын ыйманынын толуктугунан кабар берет.

Адамдардын арасында аманчылыкты жана махабатты пайда кылганы үчүн, мусулмандарга саламды жайылтуу жана көп айтуу жакшы.

Мусулман адамга гана салам айтылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "араңарда" деп баса белгилеп айткан.

Салам айтуу - мамиленин үзүлүүсү, бири-биринен алыстоо жана касташуунун алдын алат.

Мусулмандардын ортосунда махабаттын болуусу зарыл, анткени ал ыймандын толуктугунан.

Башка хадисте салам айтканда: "Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух" деп айтуу саламдын толугу экени, ал эми: "Ассаламу алайкум" десе деле жетиштүү болору айтылган.

التصنيفات

Ден-мүчөлөргө тийиштүү иш-амалдардын артыкчылыктары