Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - деди. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди.…

Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - деди. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу

Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - деди. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу" - деди. Ушинтип мага ушул иш-амалдарды айтты. Эгер мен дагы сураганымда, ал дагы айтмак.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Иш-амалдардын кайсысы Аллахка көбүрөөк жагымдуу? деп суралды. Так шариятта көрсөтүлгөн убактысында окулган парз намаз - деди ал. Андан кийин ата-энеге жакшылык кылып, алардын акысын өтөп, аларды нааразы кылып каарына калбай, жакшы мамиле кылуу. Андан кийин Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн, исламды жана мусулмандарды коргоо үчүн жана анын шариятын ачыкка чыгаруу үчүн малы жана жаны менен Аллахтын жолунда жихадга чыгуу. Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Ал мага ушул иш-амалдар тууралуу айтты. Эгер мен: андан кийинчи? - деп, дагы сураганымда, ал мага дагы айтмак.

فوائد الحديث

Аллахка жагымдуулугуна карай иш-амалдар бири-биринен артыкча болот.

Мусулман адамды иш-амалдардын абзелирээгин аткарганга кызыктыруу керек.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) иш-амалдардын абзелдиги тууралуу жооптору, адамдардын өзгөчөлүгүнө жана алардын абалдарына жараша, алардын кимисине кайсы иш-амал пайдалуурак экенине карай ар түрдүү болгон.

التصنيفات

Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары, Намаздын артыкчылктары