إعدادات العرض
Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон
Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон. Андан кийин алардын артынан кылбаган нерсени кылдым деп, буйрулбаган нерсени аткарган адамдар чыккан. Мындай адамдарга каршы колу менен күрөшкөн – ыймандуу, тили менен күрөшкөн – ыймандуу. Кимде-ким аларды жүрөгү менен (жек көрүп) каршы болсо, ал да ыймандуу. Мындан кийинкилеринде сары кычынын данындай да ыйманы болбойт".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල አማርኛ Nederlands Tiếng Việt অসমীয়া Oromoo پښتو ગુજરાતી ไทย മലയാളം Română नेपाली Malagasy Deutsch Fulfulde తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлаган: Алла Таала андан мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүнүн арасында ал өткөндөн кийин анын ордун басууга татыктуу, ыкластуу мужахиддер жана тандалган жардамчылары болгон. Алар пайгамбарынын сүннөтүн карманган, буйругун аткарган. Бул ыймандуу, салихтерден кийин эч кандай жакшылыгы жок адамдар чыккан. Алар өздөрү кылбаган иштерди айтышат, буйрулбаган ишти кылышат. Кимде-ким ошолорго каршы колу менен жихад кылса, ал ыймандуу болот. Кимде-ким колу менен жихад кыла албай, бирок тили менен аларга каршы сүйлөп жихад кылса, ал да ыймандуу. Кимде-ким тили менен да айта албай, бирок жүрөгү менен аларды жек көрсө, ал да ыймандуу. Ал эми жүрөгү менен жек көрө албай, аларга ыраазы болгондордун жүрөгүндө сары кычынын данындай да ыйманы болбойт.فوائد الحديث
Шариятка сөзү менен да, кыймыл-аракети менен да каршы болгондор менен күрөшүүгө кызыктыруу.
Туура эмес ишти жүрөгү менен жек көрө албастык - ыймандын алсыздыгынын же жоктугунун далили.
Алла Таала пайгамбарларга алардын артынан алар алып келген динди жеткире турган адамдар аркылуу жеңилдик берген.
Кимде-ким кутулууну кааласа, ал пайгамбарлардын жолун кармансын. Анткени, алардын жолунан башка жолдун баарынын акыры адашууга же кыйроого алып барат.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын доору алыстаган сайын адамдар сүннөттү таштап, напси каалоолорун ээрчип, жаңы бидааттарды пайда кылышат.
Жихаддын мартабалары ар түрдүү. Өзгөртүүгө чамасы жеткен амирлер, өкүмдарлар жана жетекчилер сыяктуу адамдар колу менен жихад кылат. Андан кийинкилер акыйкатты айтып, тили менен даават кылат. Андан кийинкилер туура эмес ишти жүрөгү менен жек көрөт, аларга ыраазы болуп жакшы көрбөйт.
Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу ваажыб.