Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо…

Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер

Абу Умама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгында минтип кутпа кылганын уктум: "Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер".

[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Хаббан жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижранын онунчу жылындагы коштошуу ажылыгында, Арафа күнү кутпа айткан. Пайгамбарыбыз анда эл менен коштошкондуктан, бул ажылыгы "коштошуу ажылыгы" деп аталып калган. Адамдардын баарын Аллахтын буйругун аткарып, кайтарганынан тыйылып такыба болууга буйруган. Аллах Таала күнү-түнү окулуусун парз кылган беш убак намазды окууга (буйруган). Рамазан айында орозо кармоого (буйруган). Сараңдык кылбай, татыктуу адамга малдын зекетин берүүгө (буйруган). Аллах Таала башчы кылган адамдарга күнөө иштен башкасында баш ийүүгө (буйруган). Ким ушул айтылгандарды аткарса, анын сыйлыгы - бейишке кирүү.

فوائد الحديث

Мына ушул амалдар бейишке кирүү себеп болот.

التصنيفات

Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары, Жакшы иш-амалдардын артыкчылыктары