إعدادات العرض
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар"…
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी සිංහල ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali മലയാളം తెలుగు ไทย Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof தமிழ் Українська ქართული Magyar Moore Shqipالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн дубаларды камтыган дубаларды көп кылчу, ошолордун бири: "О, Жараткан, бизди бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктан куру калтырба жана тозок азабынан сакта" Бул дуба дүйнө жакшылыктарын, адалдан болгон кенен ырыскыны, салиха аялды, көзүңду кубанткан ыймандуу баланы, ырахатты, пайдалуу илимди, ийги иш-амалдарды жана башка жакшы жана мубах иштерди суранууну өз ичине камтыйт. Ошондой эле акыреттин жакшылыктарын, кабырдагы, эсеп-кысап учурундагы, тозоктогу азаптардан сактоону, Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү, даярдалган нээмат-жакшылыктарга ээ болууну, Ырайымдуу Раббибизге жакын болууну суранууну да ичине камтыйт.فوائد الحديث
Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өрнөк алып, жалпы жакшылыкты камтыган дубаларды кылуу жакшы.
Дубанын эң толугу - дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын бирге сурап дуба кылуу.
التصنيفات
Таасирдүү дубалар