إعدادات العرض
Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү"
Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү"
Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү" . Сахабалар: О, Аллахтын элчиси, Аллах жолундагы жихад да буга жетпейби? - деп сурады. "Аллах жолундагы жихад да жетпейт. Бир гана өз мал-жаны менен чыгып, кайра кайтпай калган адамдын сообу буга жетет" - деди.
الترجمة
العربية Bosanski English فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी বাংলা Español Kurdî Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் සිංහල မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Hausa دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Tagalog Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдар жылдын башка учурларынан абзел экенин кабарлаган. Сахабалар бул күндөрдөн башка күндөрү Аллах жолунда жихадга чыгуунун сооп-сыйлыгы тууралуу, бул амал абзелби, же ушул күндөрдөгү жакшы амалдар абзелби деп сурашат. Анткени аларда жихад иш-амалдардын эң абзели экени белгилүү эле. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мынтип жооп берип: бул күндөрдөгү жакшы амалдар башка күндөгү жихаддан да сооптуу, бирок бирөө Аллах жолунда жихадга өз мал-мүлкү менен чыкса жана мал-мүлкү түгөнүп, өзү да шейит болуп кетсе, ушул адамдын гана сооп-сыйлыгы жогору болорун айтат. Бул күндөрдөгү жакшы амалдарды абзел кылган мына ушул.فوائد الحديث
Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдардын артыкчылыгы, мусулман адамга бул күндөрдү пайдаланып калуунун, ибадаттарды көбөйтүүнүн зарылдыгы айтылган. Аллахты зикир кылуу, Куран окуу, такбир, тахлил, тахмид айтуу, намаз окуу, садага берүү, орозо кармоо ж.б. бардык жакшы амалдарды көбөйтүү керек.