إعدادات العرض
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт…
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир
Каъб бин Ужранын (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt Hausa Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy Čeština नेपाली Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు ไทย മലയാളം Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof ქართული Magyar Moore Українська Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтуучусу куру кол калбай турган жана өкүнбөй турган, тескерисинче сооп боло турган зикирлер жөнүндө айткан. Бул сөздөр парз намаздан кийин биринин артынан бири айтылат. Булар төмөнкүлөр: "Субхааналлах" деп отуз үч жолу айтуу. Б.а. Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллах" деп отуз үч жолу айтуу. Бул сөз Аллахты сүйүү жана улуктоо менен Анын кемчиликсиз толуктугун айтып мактоо. "Аллаху Акбар" деп отуз төрт жолу айтуу. Аллах Улук, Ал бардык нерседен Кудуреттүү, Чоң.فوائد الحديث
Тасбих, тахмид жана такбир айтуунын артыкчылыг. Алар сооптору калуучу, Аллахты ыраазы кылуучу жакшы амалдар.