إعدادات العرض
"Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле.
"Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын мындай дегенин айтат: "Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Жалганчыга чыгарганы: бизди биринчи жолу жараткандай, кайра жарата албайт деп айтканы. А чынында, аларды кайра тирилтүү жоктон бар кылып биринчи жолу жаратканга караганда жеңил эмеспи. Ал эми сөккөнү: Аллахтын баласы бар деп айтканы. А чынында, Мен эч нерсеге муктаж эмес Жалгызмын, тууган да, туулган да эмесмин, Мага эч нерсе тең эмес".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá ئۇيغۇرچە Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy Čeština नेपाली Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు ไทย മലയാളം Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof Magyar ქართული Moore Українськаالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудуси хадисте Аллах Тааланы жалганчыга чыгарып, кемчиликтүү жана айыптуу деп сыпаттаган, бирок андай кылуу аларга ылайык болбогон мушриктер менен каапырлар тууралуу айтканын кабарлайт. Аллардын Аллахты жалганга чыгарганы: Аллах Таала аларды биринчи жолу жоктон бар кылып жараткандай, алар өлгөндөн кийин кайра тирилтпейт деген ойлору. Аллах Таала аларга жооп кылып, аларды биринчи жолу жоктон бар кылып жараткан Аллах кайра тирилтүүгө да кудуреттүү экенин, бул биринчи жаратууга караганда оңой экенин айтат. Аллах үчүн жаратуу жана кайра тирилтүү бирдей эле иш. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Ал эми аны акаарат кылып сөккөнү: Анын баласы бар деп айтышканы. Аларга жооп кылып, Ал Өзү ысымдарында, сыпаттарында, иштеринде жалгыз экенин, бардык кемчиликтен жана айыптардан таза экендигин, эч кимге муктажы жок беймуктаж экендигин, баары Ага муктаж экенин, Ал эч кимге ата да, эч кимге бала да болбогонун айтып, Мага окшошо турган же теңдеше турган эч кандай теңи жок деген.فوائد الحديث
Аллах Тааланын кудуретинин толуктугун бекемдөө.
Өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү тастыктоо.
Аллахтын баласы бар деп эсептеген жана кайра тирилүүнү четке каккан адам каапыр болот.
Аллахтын окшошу да, теңдеши да жок.
Аллахтын мээри кенен, каапырлар тообо кылып, кайтып калабы деп аларга убакыт берет.