Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат: Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Көп киши өлтүрүп, зына кылган кээ бир мушриктер Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип, ага: "Силердин Исламга жана аны үйрөрүүгө чакырып жатканыңар жакшы нерсе. Бирок биздин абалыбыз кандай болот? Биз аткарып койгон ширк жана чоң күнөөлөрүбүздүн каффараты барбы?" - дешти. Ошондо Аллах Таала эки аят түшүрдү. Бул аятта Аллах адамдардын күнөөлөрүнүн көптүгүнө жана чоңдугуна карабастан, алардын тообосун кабыл кылганы айтылган. Эгерде андай болбогондо, алар каапырлык жана зулумдуктарын уланта беришмек жана алар бул динге кирмек эмес.

فوائد الحديث

Исламдын пазилети жана улуулугу. Жана Ислам өзүнөн мурунку күнөөлөрдү өчүрөт.

Аллахтын пенделерине болгон ырайымы, кечиримдүүлүгү жана күнөөлөрдү жууп кетирүүсү.

Ширктин арамдыгы, арам өлтүрүүнүн арамдыгы, зына кылуунун арамдыгы жана бул күнөөлөрдү кылгандарга азаптар бар.

Ыклас жана жакшы амалдар менен бирге чын ыкластан тообо кылуу бардык чоң күнөөлөрдү, анын ичиндеги Аллах Таалага каапыр болгондорду да кечирет.

Аллах Тааланын мээриминен үмүтсүздүктөн жана үмүт үзүүдөн тыюу салынат.

التصنيفات

Ислам, Аяттардын чечмеленүүсү