Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат

Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат

Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: "Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтып жатканын уктум: "Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) парз намазды таштоодон сактанууну эскертти. Жана адам менен ширкке жана куфрга түшүп калуунун ортосунда намазды таштоо гана тураарын кабар берди. Намаз Исламдын экинчи түркүгү, анын Исламдагы мааниси чоң. Кимде-ким намазды таштаса, анын парз экенин четке какса, мусулмандардын ижмаъсына ылайык каапыр болот. Эгер шалаакылык жана жалкоолук менен аны толугу менен таштаса, анда ал каапыр болуп саналат жана бул жөнүндө сахабалардын ижмаъсы кабарланган. Ал эми намазды кээде калтырып, кээде окуса, анда ал катуу азапка дуушар болот.

فوائد الحديث

Намазга көңүл буруу жана аны калтырбай окуунун маанилүүлүгү бул куфр менен ыйманды айырмалап турат.

Намазды калтыруу жана аны толугу менен таштоодон катуу эскертүү келди.

التصنيفات

Исламды бузуучу иштер, Каапырлык, Намаздын милдеттүүлүгү жана намаз окубай коюунун өкүмү