إعدادات العرض
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
Абу Абдулла Жаабир бин Абдулла Ансари (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ооба» - деди.
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким беш убак намазды окуп аларга нафил намазды кошпосо, Рамазан орозосун кармап нафил орозо кармабаса, адалды адал деп билип жана аны аткарса, арамдын арам экендигин билип андан алыс болсо, анда анын бейишке кирерин баяндады.فوائد الحديث
Мусулман парздарды аткарууга жана арам нерселерди таштоого аракет кылат жана анын максаты бейишке кирүү болот.
Адал иштерди аткаруу жана анын адалдыгына ишенүүнүн, арам иштерди арам деп билүү жана ага тыюу салынган деп ишенүүнүн маанилүүлүгү.
Парздарды аткаруу жана арам иштерди таштоо бейишке кирүүгө себеп болот.
