Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз

Саъд бин Хишам бин Аамир Айша энебизге (Аллах андан ыраазы болсун) кирип, мындай деди: "О, ыймандуулардын энеси, мага Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу айтып бериңизчи". Ошондо ал: "Сен Куран окубайсыңбы?" - деп сурады. Ал: "Окуймун" - деди. "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим узун хадис боюнча жазып калтырган]

الشرح

Ыймандуулардын энеси Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү тууралуу суралат. Ал мааниси терең бир сөз менен жооп берет. Суроочунун көңүлүн бардык толук сыпаттарды камтыган Куранга буруп: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандын ахлагын алган эле" - дейт. Куран эмнеге буйруса аны аткарган, Куран эмнеден тыйса, андан сактанган, мүнөзү ага амал кылуу менен болгон, чектеринен чыккан эмес, адебинен адеп алган, мисалдарынан жана окуяларынан сабак алган.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран ахлактарынан алганынан үлгү алуу зарыл.

Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү мактоого татыктуу, анын ахлагы аян-кабардын маңызынан болчу.

Куран бардык жакшы ахлактардын башаты.

Ислам ахлагы буйруктарды аткарып, тыюулардан тыйылуу менен бардык динди ичине камтыйт.

التصنيفات

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ички сыпаттары, кулк-мүнөзү