назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди

назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйган. Назр - бул, адам өзүнө-өзү шарият буйрубаган ишти жүктөп алуусу. Назр тагдырда жазылган ишти алдыга да, артка да жылдырып жибербейт. Болгону назр кылуу важиб болуп калган соң, сараң адамдын бир нерсе чыгаруусу талап кылынат. (Мисалы: эгер оорудан айыгып кетсем, миң сом садага берем десе, ушул назр болуп эсептелет. Айыкканда миң сом садага бериши милдеттүү болот).

فوائد الحديث

Назр кылуу шарияттын буйругу эмес. Бирок күнөө иштен башка нерсени назр кылса, аны аткаруусу важыб болот.

Назр кылуудан тыюунун негизги себеби, анда эч кандай жакшылык жок. Назр Аллахтын жазган тагдырынан эч нерсени кайтарып жибербейт. Назр кылган адам, ушул назрым үчүн Аллах Таала менин суранычымды аткарат деп ойлоп албоосу керек. Аллах Таала пенденин назрына муктаж эмес.

Куртуби минтип айткан: "Бул тыюунун себеби, мисалы бирөө: "Эгер Аллах мага шыпаа берсе, мынча садага кылам" деп айтышы мүмкүн. Бул учурда айтылган курбанчылык белгилүү максат үчүн жасалгандыктан туура эмес болуп жатат. Мындан ал адам Аллах Таалага жакындоону максат кылбай, Аллах Таала менен эсептешип жатканы көрүнүп турат. Эгер Аллах шыпаа бербесе, анда садага бербеймин деген маани чыгып жатат. Бул сараңдыктын белгиси. Анткени, сараң чыгарган мал-мүлкү үчүн андан да көбүрөгүн кайра алууну максат кылат.

التصنيفات

Касам жана назири