Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин

Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин

Мугира (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. (Даарат аларда) анын маасыларын тартмакчы болсом, ал: "Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин " - деди. Анан аларга масх тартып койду.

[Сахих (ишенимдүү)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарларынын биринде баратып даарат алат. Даарат алып бутун жубарга келгенде, пайгамбар бутун жууштугу үчүн Мугира бин Шуъба (ага Аллах ыраазы болсун) анын бутундагы маасыларын чечүү үчүн колун созот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ал экөөнү жөн кой, чечпегин, себеби мен буларды бутума кийгенде даарат алып анан кийгенмин дейт. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буттарын жуунун ордуна маасыларына масх тартып койот.

فوائد الحديث

Эки маасыга масх тартуу кичине дааратсыздыкка даарат алган учурда жарайт. Ал эми чоң дааратсыздыктан жуунуп тазаланууда буттарды да жуу зарыл.

Масх сууланган манжанын учу менен маасынын үстүнө бир ирет тартылат, асты жагына тартылбайт.

Масх туртуу үчүн суу менен эки бут жуулуп, толук даарат алынгандан кийин маасынын кийилүүсү шарт. Маасы таза, буттун жабылуусу парз болгон өлчөмүн жаап турган болуусу керек. Ошондой эле масх кичине дааратсыздыкка тартылуусу керек, жунубдуктан же жуунууну важыб кылган иштерден кийин тартылбайт. Дагы масх тартуу чектелген убактын ичинде болуусу керек. Бул убакыттын чеги үйдөгү адам үчүн бир күн, бир түн. Ал эми жолоочу адам үчүн үч күн, үч түн.

Бутту жапкан жороп сыяктуулардын баары маасыга кыяс кылынат, аларга да масх тартуу жайыз.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзүнүн жана таалим берүүсүнүн жакшылыгы. Мугираны анын маасыларын чечүүдөн тыйып, ага: аларды толук даарат менен кийгенин айтып, себебин түшүндүрдү. Анын көөнү тынчып, өкүмдү билип алуусу үчүн.

التصنيفات

Сапардын адептери жана өкүмдөрү, Сапардын адептери жана өкүмдөрү, Маасыга жана башка ушул сыяктууларга масх тартуу, Маасыга жана башка ушул сыяктууларга масх тартуу