бул тамыр (жарылгандан чыккан) каны. Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер

бул тамыр (жарылгандан чыккан) каны. Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Фатима бинт Абу Хубайш пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: Менден такай кан келип турат, эч таза болбоймун. Намазды таштап койомунбу? Ал минтти: "Жок, бул тамыр (жарылгандан чыккан) каны. Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Фатима бинт Хубайш пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо сурап: Менден эч токтобой кан келип турат, атүгүл этек кир келбей турган убакта да токтобойт. Ушул учурлар да этек кир келген учурдун өкүмүндө болобу? Мен намазды таштап койомбу? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага минтет: Бул истихааза каны, бул ооруу себептүү жатындагы тамырлардын жарылуусунан улам чыккан кан, этек кирдин каны эмес, Сен истихаза канын көрө турган ооруу менен ооруй электеги, ай сайын этек кир келе турган адатыңдагы күндөр келген учурда намаз, орозо жана башка этек кири келген убакта аял киши аткарбай турган иштерди токтот. Бул мөөнөт өткөндөн кийин сен этек кирден тазаланган болосуң, анан кандын ордун жууп тазала, анан дааратсыздыкты кетирүү үчүн дене-башыңды толук жууп жуун, анан намаз окуй бер.

فوائد الحديث

Аял кишиге этек кир көргөн күндөрү буткөндөн кийин жуунуу важыб.

Истихаза канын көрүп жаткан аялдын намазды окуй берүүсү важыб.

Айыз (этек кир): балакат жаш курагына жеткен аялзатынын жатыны анын кыны аркылуу койо бере турган табигый кан. Бул кан белгилүү күндөрдө келет.

Истихаза каны: Жатындын үстүнөн белгилүү бир мөөнөтү жок агып чыгуучу кан.

Этек кир каны менен истихаза канынын айырмасы: этек кирдин каны карамтыл, коюу, анан жагымсыз жыты болот. Ал эми истихаза каны кызгылт, суюк, жагымсыз жыты болбойт.

التصنيفات

Айыз, нифас жана истихаза кандары