Ибн Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Муьаз ибну Жабалды Йеменге жөнөтүп жатканда ага мындай деп айтты: «Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Муьаз ибн Жабал, радыяллаху анхуну, Йемен жергесине Аллахка чакыруу үчүн жана динди үйрөтүү үчүн жиберип жатканда, ал христиан коому менен жолугушаарын жана алар менен жолугууга даяр болуусун кабарлады. Андан кийин аларга даават кылганда эң маанилүүсүнөн баштаарын айтты. Ошондуктан Муьаз ибну Жабал баштап аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк беришип, акыйдаларын оңдоого чакырды. Анткени алар бул келимени айтуу менен Исламга киришет. Муьаз ибну Жабал алар Исламды кабыл алышканда аларды намаз окууга буйурду. Анткени намаз таухид келимесинен кийинки эң улуу парз. Андан кийин алар намазды окушканда, алардын байларына мал-мүлктөрүнүн зекетин кедейлерине берүүгө буйурду. Андан кийин Зекетке малдын эң жакшысын алуудан тыйды. Анткени малдын орточосунан алуу важип. Андан кийин Муьаз бин Жабалга зулум чеккен адам дуба кылбоо үчүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага зулумдук кылуудан сактанууну насаат кылды. Анткени зулум чеккен адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот.

فوائد الحديث

«Лаа илааха иллаллах» келимесинин мааниси жалгыз Аллахка гана ибадат кылуу жана Андан башкага ибадат кылууну таштоо.

«Мухаммад расулуллах» келимесинин мааниси; Пайгамбарга, анын алып келген динине ыйман келтирип, аны тастыктоо жана ал Аллахтын адамзатка жиберген элчилеринин эң акыркысы экенине ыйман келтирүү.

Аалымдын динде шек-күмөнү бар адам менен сүйлөшүүсү сабатсыз адам менен сүйлөшкандөй болбошу керек. Ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Муьазга: «Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын» - деп эскертти.

Мусулман адам шек-кумөндөн жана туура эмес түшүнүктөн арылуу үчүн илим алуу менен өз динин билүүсү зарыл.

Яахудийлердин жана христиандардын дини Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жиберилгенден кийин жараксыз болду. Алар Ислам динин кабыл алып, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, ыйман келтирмейинче кыямат күнү тозоктон кутула алышпайт.

التصنيفات

Ислам