إعدادات العرض
“Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот
“Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот
Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. Бир күнү жол жүрүп бара жатканда аны жандай бастырып калдым. Анан андан: Оо, Аллахтын элчиси, мени тозоктон алыстатып, бейишке киргизе турган кандай иш бар? – деп сурадым. Ал: “Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот . Аллахка шерик кошпой ибадат кыл, беш убак намазды толук оку, зекетти бер, Рамазан айынын орозосун карма. Аллахтын үйү (Каъбага барып), ажылык милдетиңди аткар” – деп, анан сөзүн кайра улады: “Сага жакшылыктын эшиктери тууралуу айтайынбы? Орозо (тозоктон) калкан; Садага – суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда окуган намазы” – деп, бул аятты окуду: “Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп, коркуу жана үмүт менен Раббисине дуба кылышат. Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт”. Анан кайра мага: “Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ал: “Диндин башы – Ислам; Анын тиреги – намаз; Туу чокусу – Аллах жолунда күрөш” – деди. Анан: “Эми сага ушул айтылгандардын баарынын негизи эмне экенин айтайынбы?” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, айтыңыз – дедим. Ошондо ал тилин кармап көрсөтүп: “Ушуну сакта!” – деди. Мен: О Аллахтын элчиси, биз айткан сөздөрүбүз үчүн да жоопко тартылабызбы? – деп сурадым. Ал: “Энең сени жоготсун, оо Муаз, адамдарды тозокко бети же мурду менен кулаткан нерсе тилинен тапкан күнөөлөрү эмеспи” – деди.
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Oromoo Tiếng Việt Kiswahili አማርኛ ગુજરાતી پښتو ไทย Română മലയാളം नेपाली Malagasy Deutsch తెలుగుالشرح
Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге сапарда болдум. Бирде аны менен жанаша басып калып: Оо Аллахтын элчиси, мага мени бейишке киргизип, тозоктон куткара турган амалды атап берчи - деп сурадым. Ал: Сен аткаруу напсиге оор болгон иштер тууралуу сурадың. Бирок Аллах Таала аны аткарууну жеңил кылып койгон адамга аткаруу жеңил болот. Исламдын мобул беш парзын аткар: Биринчи: Аллахка эч нерсени шерик кылбай, ибадат кыласың. Экинчиси: Күнү-түнү биригип суткасына беш убак намаз окуйсуң. Булар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан намаздары. Намаз окуганда шарттарын, үрүкүндөрүн, важыбдарын толук аткар. Үчүнчүсү: парз болгон зекетиңди чыгарасың. Зекет белгилүү өлчөмгөн жеткен малдан тиешелүү адамдарга чыгарып бере турган мал-дүйнөгө байланыштуу ибадат. Төртүнчүсү: Рамазан айында орозо кармайсың. Орозо таң аткандан, күн батканга чейин ибадат ниетинде тамак, суусун, ж.б. оозду ачып койо турган иштерден сактануу. Бшинчиси: Аллахка ибадат кылуу үчүн Меккени максат кылып Аллахтын үйүнө ажылык кыласың. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жакшылыктын эшигине жеткире турган жолду айтайынбы? Жанагы парз амалдарга кошуп бул напилдерди аткар - дейт. Биринчиси: Напил орозо карма. Мындай орозолор кумар каалоону басаңдатып, күч-кубатты азайткандыктан күнөө кылууга жол бербейт. Экинчиси: Напил садага кетирген күнөө, каталарды өчүрөт жана анын изин кетирет. Үчүнчүсү: Түндүн акыркы бөлүгүндө тахажуд намазы. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын сөзүн окуду: (Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп) уйкудан туруп, коркуу жана үмүт менен Раббисине кайрылышат (зикир, Куран окуу, дуба менен). Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы? - дейт. Муаз (ага Аллах ыраазы болсун): ооба, айтыңыз - дейт. Пагамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Диндин башы - эки күбөлүк келме, ушул эки келме менен адам динге келет. Диндин тиреги - намаз. Намаз болмоюнча Ислам болбойт. Түркүгү жок үй болбогон сыяктуу. Кимде-ким намаз окуса, анын дини бекемделип, көтөрүлөт. Диндин туу чокусу - Аллахтын Сөзүн жогоруу кылуу үчүн дин душмандары менен күрөшүү. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жогорудагылардын баарын бекемдей турган нерсени айтайынбы - деп, колу менен тилин кармап: Ушуну сакта, өзүңө тиешелүү болбогон нерсени сүйлөбө - деп эскертет. Муаз (ага Аллах ыраазы болсун): Биз ар бир сүйлөгөн сөзүбүз үчүн эсеп берип, азапталабызбы? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Энең сени жоготсун! - дейт. Бул аны каргаган сөз эмес. Арабтарда маанилүү бир нерсеге көңүл буруп, билүүсү үчүн кыйыр мааниде айтылган сөз. Анан: Адамдардын тозокко көмкөрүсүнөн кулап түшүүсүнө алардын каапырлык сөздү сүйлөгөнү, жалган жалаа жапканы, сөгүнгөнү, кыйбат, ушак кылганы себеп болуп жатпайбы - дейт.فوائد الحديث
Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) илимге болгон ынтызаарлыгы. Ошондуктан алар пайгамбарыбыздан көп нерсени сурашкан.
Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) дин маселелерин терең түшүнүүсү, бейишке кирүүнүн себеби жакшы амалдар экенин билишинде.
Муаздын (Аллах андан ыраазы болсун) берген суроосу, чындыгында, жашоонун жана бар болуунун түпкү маңызын камтыганы үчүн улуу суроо. Анткени, бул дүйнөдөгү ар бир жаратылгандын, мейли инсан болобу, мейли жин болобу, акыры барчу жери же бейиш, же тозок. Мына ошондуктан бул суроо улуу суроо болуп эсептелет.
Анын бейишке кирүүсү Исламдын беш парзын аткаруу аркылуу болору катары менен айтылды. Алар: күбөлүк берүү келимеси, намаз, зекет, орозо жана ажылык.
Диндин башы, зарыл иштердин эң кымбаты жана эң негизги милдет - Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу менен Аллахты жалгыздоо.
Сообу көбөйүп, күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн жакшылык эшиктерин ачып койгону Аллах Тааланын пенделерине кылган ырайымы.
Парз амалдарды аткаргандан кийин напил амалдарды да аткаруу артыкчылыктуу иш.
Исламдагы намаздын орду, чатырдын тирөөчү сыяктуу. Тирөөчтү алса, чатыр кулап калгандай, намаз жок болсо, Ислам болбойт.
Динине зыянын тийгизе турган сөздөрдөн тилди сактоо важыб.
Тилди тыйып, аны сактоо бардык жакшылыктын булагы.
التصنيفات
Ислам