Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла

Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айтканын уктум: "Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын башталышынын жана бүтүүсүнүн белгиси тууралуу баяндап: Эгер Рамазандын айын көрсөңөр орозо туткула. Эгер күн бүркөк болуп ай көрүнбөй калса, анда Шаабан айын эсептеп отуз күн болгондо орозо кармай бергиле. Эгер Шаввалдын айын көрсөңөр оозуңарды ачкыла. Күн бүркөө болуп ай көрүнбөй калса, Рамазанды эсептеп отуз күн болгондо орозону бүтүрө бергиле.

فوائد الحديث

Эсеп боюнча айдын киргенине эмес, жаңырган айды көрүүгө таянуу керек.

Ибн Мунзир "Рамазан айы көрүнбөй, бирок эсеп боюнча ай кирсе, орозо кармалбайт" деген аалымдардын жалпы пикирин айтып өткөн.

Эгер күн бүркөө болуп ж.б.у.с. себептерден улам Рамазандын жаңырган айы көрүнбөй калса, анда Шаабан айын толук отуз күн кылуу важыб.

Ай календары боюнча ар бир ай же жыйырма тогуз, же отуз күн болот.

Эгер күн бүркөө болуп же башкка себептерден улам Шаввалдын жаңырган айы көрүнбөй калса, анда Рамазан айын толук отуз күн кылуу важыб.

Кимде-ким мусулмандарга орозо тууралуу маселелерди аныктап бере турган жооптуу адам жок жерде же ал адам жоопкерчиликсиз адам болсо, анда айды өзү көрүп же өзү ишенген бирөөнүн көрүүсү менен орозо кармап жана орозону бүтүрүүсү зарыл.

التصنيفات

Жаңырган айды кароо