إعدادات العرض
Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо,…
Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».
[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands తెలుగు Kiswahili தமிழ் دری Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda Српски O‘zbek Moore नेपाली Oromoo Wolof Soomaali Български Українська Azərbaycan ქართული Lingala тоҷикӣ Македонски bmالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт, тескерисинче, садака кылган адамдан балээлерди кетирет деп баяндап жатат. Садака кылган адамга Аллах чоң жакшылык менен анын ордун толуктап берет. Демек, садака берүүдөн анын мал-дүнүйөсү кемибейт, кайра көбөйөт. Өч алуу же ээсин жазалоо мүмкүнчүлүгү болсо да аны кечирүү күч-кубатты жана ар-намысты арттырат. Эч ким эч кимден коркконунан, сылык-сыпаалыгынан, эч кимден пайда үмүт кылбастан, бирок Аллахтын жүзү үчүн гана кичипейил, жөнөкөй болсо, анда анын сыйлыгы катары даражасы өйдө болууга жана кадыр-баркка жетүүгө татыктуу болот.فوائد الحديث
Жакшылык жана ийгиликти кээ бирөөлөр башкача деп ойлошсо да, жакшылык жана ийгилик шариятка баш ийип, жакшылык кылууда болот.
التصنيفات
Напил садагалар