Валий (4) болбосо нике болбойт

Валий (4) болбосо нике болбойт

Абу Муса, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Валий (4) болбосо нике болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аялдын никесинде валий жок болсо никеси жараксыз экенин баяндады.

فوائد الحديث

Валийдин никеде болушу никенин жарактуу болушунун шарты болуп саналат. Ошондуктан эгерде аялдын валийи жок болсо, же аял өзү эле нике кыйдырып алса, анда никеси жарабайт.

Валий аялга эң жакын эркек туугандарынан болот. Ошондуктан аялдын жакын туугандарынан болгон валийи бар болсо, анда алыс туугандарынан болгон валийи аны никелеп турмушка бере албайт.

Валий болуунун шарттары: валий шарият өкүмдөрүн аткара алышы, эркек киши болуусу, никенин жол-жобосун айырмалап билүүсү жана аял менен валийдин дини бир болушу керек. Кимде-ким бул сапаттар менен мүнөздөлбөсө, анда никеде валий болууга жарактуу эмес.

التصنيفات

Нике