Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, …

Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди

Абдуллах бин Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламдын кайсы өзгөчөлүгү абзел? - деп суралды. Ал эки өзгөчөлүктү айтты: Биринчиси: жакыр адамдарды көбүрөөк тамактандыруу. Буга садага кылуу, белек берүү, конок тосуу, той кылуу, ж.б. кирет. Айрыкча кымбатчылык жана ачарчылык учурларда адамдарга тамак берүү артыкча (сооптуу) болот. Экинчиси: бардык мусулмандарга, аларды таанысаң да, тааныбасаң да салам айтуу.

فوائد الحديث

Сахабалар дүйнө жана акыретке пайдалуу өзгөчө иштерди билүүгө кызыкдар болушкан.

Салам жана тоюндуруу Исламдагы эң абзел иштерден; артыкчылыктуу болгону жана адамдар бул эки нерсеге дайыма муктаж болуп турганы үчүн.

Бул эки өзгөчө иш аркылуу амалга да, сөзгө да тиешелүү жакшылыктар ишке ашат, жакшылыктын эң артыгы тил жана амал менен болгону.

Бул өзгөчө иштер мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилесине тиешелүү, мындан башка Аллах менен пенденин ортосундагы мамилеге тиешелүү да өзгөчө иштер бар.

Саламды озунуп биринчи айтуу мусулмандарга гана тиешелүү, а эгер мусулман эмес адамга жолукса, ага озунуп салам айтууга болбойт.

التصنيفات

Артыкчылыктар жана адептер, Учурашуу жана уруксат суроонун адептери